Орусия Сириянын түндүгүндөгү түркмөндөр отурукташкан айылга абадан сокку урган соң Түркия Орусиянын элчиси Андрей Карловду чакыртып, нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу 20-ноябрда Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу журналисттерге маалымдады.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги түркмөн азчылыгы жайгашкан Сириядагы Байырбужак айылына жасалган чабуулдар олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгын билдирип, соккуларды токтотууга чакырды.
Анкара ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Михаил Богдановго да соккуларды токтотуу тууралуу эскертүү берилгенин айтты.
Орусия Сириядагы аба чабуулдарын Синайдагы орус учагынын кыйрашына теракт себеп болгону бышыкталган соң күчөткөн. 31-октябрдагы кырсыкта 224 адам набыт болгон. “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу теракт үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган.
Октябрь айынын башында Сириядагы Түркмөн ассамблеясы Телл-Бис аймагындагы Москванын аба чабуулдары маалында 40 адам набыт болгонун, алардын арасында этникалык түркмөндөр да болгонун билдиришкен. Орусия экстремисттерге гана сокку уруп жатканын ырастап келет.