Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Армениядагы нааразылык акциясына 2 миңдей адам чогулду


Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккан армяндыктар.
Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккан армяндыктар.

Бүгүн Армениянын баш калаасы Ереванда өкмөт сунуштап жаткан конституциялык реформага каршылыгын билдирген эки миңге чукул адам топтолду. Алардын айтымында, бийликтегилер Баш мыйзамды өзгөртүү менен тактыдан кетпөө амалын ойлонуштурушууда. Акция Армян Улуттук конгресси жана бир катар оппозициячыл партиялар тарабынан уюштурулган.

Армения президенти Серж Саргсян өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүүнү көздөгөн референдумду 6-декабрга белгиледи. Армениянын парламенти референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, парламенттик системага өтүү демилгесин колдогон.

Долбоорго ылайык, президенттин ыйгарым укуктары парламентке өткөрүлөт жана президентти жалпы эл эмес, парламент шайламакчы. Ошондой эле президенттин мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу сунушталууда.

XS
SM
MD
LG