Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Мали: барымтадагылардын баары куткарылды


20-ноябрда онго жакын куралчан согушкер негизинен чет элдиктер токтогон мейманканага чабуул жасап, 170тей адамды барымтага алышкан.
20-ноябрда онго жакын куралчан согушкер негизинен чет элдиктер токтогон мейманканага чабуул жасап, 170тей адамды барымтага алышкан.

Мали бийлиги баш калаа Бомакодогу Radisson Blu мейманканасында согушкерлердин барымтасында калган жүздөн ашык адам атайын жүргүзүлгөн операциядан кийин бошотулганын маалымдады.

Өлкөнүн коопсуздук министри Салиф Траоре 20-ноябрь кечинде Малинин аскерлери америкалык жана француз атайын күчтөрүнүн жардамы менен мейманкананы толугу менен экстремисттерден тазалашканын билдирди. Айрымдар имараттын аймагынан 27 адамдын сөөгү табылганын айтышууда, азырынча бул маалымат тактала элек. Бийлик барымтадагылардын үчөө мерт кетип, экөө жарадар болгонун ырастады.

Жума күнү эртең менен онго жакын куралчан согушкер негизинен чет элдиктер токтогон мейманканага чабуул жасап, ичиндеги 170тей адамды барымтага алышкан.

Ушул жылдын август айында да Малидеги Севарэ шаарындагы мейманканага экстремисттер кол салышкан. Анда төрт аскер, БУУнун беш кызматкери жана төрт согушкер набыт болгон.

Малиде радикалдар 2012-жылы өлкөнүн басымдуу бөлүгүн басып алган соң Франция өз аскерлерин жиберип, аларды сүрүп чыккан эле. Малинин түндүгүндө ушул күнгө чейин радикалдык исламчыл топтор активдүү. Алар өлкөнүн башка шаарларына байма-бай чабуулдарды жасап келишет.

XS
SM
MD
LG