Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Өкмөт башчы Нарынды кыдырууда


Бүгүн, 21-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Нарын облусуна бир күндүк иш сапар менен кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сариев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын неврология бөлүмүнүн курулушу менен таанышып, Нарын районунун Жан-Булак айылындагы жаңы бала бакчанын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын имаратынын абалы менен таанышып, чыгармачыл жамааты менен жолугат. Муну менен катар облустагы бир катар социалдык объекттердин абалы менен таанышып чыкмакчы. (RK)

XS
SM
MD
LG