Белгиянын борбору Брюсселде бүгүн ыктымал террордук актылардын эң жогорку, төртүнчү деңгээли жарыяланды. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Кризистик борборунун талабы боюнча шаардагы метро ишин убактылуу токтотту. Жүргүнчүлөрдү автобустар гана ташып жатат. Шаар тургундарына эл көп топтоло турган жерлерге барбай туруу керек экени эскертилди.
«Жүргүзүлгөн анализ коопсуздуктун өзгөчө чараларын көрүү, элди эскертүү зарылчылыгын көрсөттү" деп айтылат Коркунучтарды анализдөө борборунун билдирүүсүндө.
17-ноябрда Белгияда террордук чабуул коркунучунун деңгээли экинчиден үчүнчүгө көтөрүлгөн болчу. Өткөн аптада Франция борбору Париждеги кол салууларга тиешеси болушу ыктымал деген шек менен Белгияда бир нече адам кармалган.
13-ноябрдагы Париждеги теракттар 130 адамдын өмүрүн алып, 350сү жарадар болгон. (RK)