Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:55

Орусиянын Сириядагы авиациясы эки эсе көбөйдү


Орусиянын Сириядагы террористтерге каршы операциясына катышып жаткан авиациялык тобу эки эсе көбөйтүлдү. Бүгүнкү күндө учактардын саны 69га жеткенин жума күнү орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда коргоо министри Сергей Шойгу билдирди:

- 20-ноябрда Каспий флотилиясынын кораблдери Сириянын Ракка, Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы 7 бута боюнча 18 жолу ракета учурду.

Владимир Путин, орус аскерлеринин Сириядагы милдети жакшы аткарылып жатканын, бирок бул өлкөнү согушкерлерден толук тазалап, Орусияны кандайдыр бир террордук чабуулдардан коргоп калуу үчүн азырынча жетишсиз экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG