Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Украина Евромайдандын эки жылдыгын белгилөөдө

Украинада бүгүн Евромайдандын экинчи жылдыгын - Эркиндик жана ар намыс күнүн белгилеп жатышат.

Киевде, Эркиндик аянтында 2014-жылдын февраль айында нааразылык акциясына чыккандардын полиция менен кагылышуусунда набыт кеткендерине арналган мемориал орнотулду. Чогулгандар ошол окуянын курмандыктарын эскеришти.

2013-жылдын 21-ноябрында миңдеген украин жарандары аянтка чыгып, ошол кездеги президент Виктор Януковичтин, өкмөттүн Европа Союзуна биригүүгө каршы чечимине нааразылыгын билдире баштаган болчу.​ (RK)

XS
SM
MD
LG