Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ош аэропортуна конуп жаткан учак тилкеден чыгып кетти


Буга байланыштуу бүгүн, 22-ноябрда эртең менен учуучу бардык каттамдар учпай, кармалып турушат. Ош аэропортунун атын атагысы келбеген кызматкери маалымдагандай, бүгүн таңкы рейс менен Красноярск – Ош каттамында учуп келген учак тумандан улам, конуучу линиядан чыгып кеткен. Маалыматтар боюнча самолеттун канаты жана дөңгөлөктөрү сынганы айтылууда.

Учакта экипаж мүчөлөрү менен чогуу 159 киши болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Окуяга байланыштуу Ош аэропорту убактылуу жабылды, каттамдардын дээрлик баары саат 17:00гө чейин токтотулду.

Ушул тапта да аэропорттун айланасын коюу туман каптап турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG