Фестивал-жарманкеге жергиликтүү 90 ишкана катышууда. Иш-чаранын уюштуруучусу Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси Бакыт Дегенбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, фестивалга кийим-кече, баш кийим, бут кийим тигүүчү ишканалар, аксессуар, зергер буюмдарды жасаган чеберлер, кол өнөрчүлөр катышып жатат. Фестивал Бишкектеги “Таш-Рабат” соода борборунда 21-ноябрда ачылган. Иш-чаранын ачылышына Экономика министри Арзыбек Кожошев келип катышып, кыргызстандык өндүрүшчүлөргө ийгилик каалады.
Иш-чараны атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү” коомдук фонду жана социалдык тармактагы “Кыргызстандыкын сатып ал” тобу уюштурууда. Фестивал-жарманке ишин 22-ноябрда жыйынтыктайт. (ZKo)