Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:03

Ош аэропортунун иши жандана элек


Аэропорттун атын атагысы келбеген кызматкеринин “Азаттыкка” маалымдашынча, учактарга Ош аба майданынан учууга жана конууга уруксат бериле элек. Бүгүн эртең менен болгон кырсыктан кийин каттамдар саат 17:00гө жылдырылган. Бирок авиакаттамдар качан жанданары белгисиз болууда. Аба майданында өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Учактын кырсыкташы боюнча бүгүн чукул түзүлгөн өкмөттүк комиссия Ош аба майданына учуп келип, ишин баштады. Аны Транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жетектейт.

22-ноябрда Ош аба майданынан учмак болгон эл аралык жана жергиликтүү он каттам кармалууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG