Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Anonymous: ИМ тобунун согушкерлери дагы беш өлкөдө теракт даярдап жатат


Эл аралык Anonymous тобунун хакерлери ИМ тобунун согушкерлери дагы беш өлкөдө теракт даярдап жатканын кабарлады

Алардын маалыматы боюнча 22-ноябрга белгиленген теракттар Францияда, Италияда, АКШда, Ливанда жана Индонезияда болушу ыктымал. Бул тууралуу International Business Times басылмасы жазып чыкты.

АКШнын федералдык иликтөө бюросу ыктымал жардыруулар тууралуу маалыматы жоктугун кабарлады. Бирок Атланта шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Париждеги жардыруудан кийин Anonymous тобунун хакерлери ИМ тобуна киберсогуш ачышканын жарыялашкан. Анда хакерлер “Согуш жарыяланды. Биз силерди таап, кое бербешибизди билип койгула. Массалык киберчабуулдарды күткүлө” деп билдиришкен.

Аталган топтун хакерлери буга чейин АКШнын федералдык иликтөө бюросунун, ЦРУнун жана Юстиция министрлигинин сайттарын сындырышканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG