Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Иранда Washington Post гезитинин кабарчысы кесилди


The Washington Post басылмасынын кабарчысы Жейсон Резаян.
The Washington Post басылмасынын кабарчысы Жейсон Резаян.

Иран соту The Washington Post басылмасынын кабарчысы Жейсон Резаянды тыңчылыкка айыптап, абакка кести. Журналисттин канча жылга кесилгени так белгисиз. Бул тууралуу жергиликтүү ИРНА маалымат агенттиги кабарлады.

Иран менен АКШнын жараны 39 жаштаган Резаян 2012-жылдан бери Ирандын баш калаасы Тегерандагы The Washington Post гезитинин бөлүмүн жетектеп келген. Ал 2014-жылдын июлунда камакка алынган. Журналист менен кошо Бириккен Араб Эмираттарында чыккан National журналында фотокабарчысы болуп эмгектенген анын жубайы Еганэ Салехи жана эки америкалык фотосүрөтчү да камалган. Ошол эле жылдын октябрь айында Егане Салехи жана фотосүрөтчүлөр бошотулган. Резаяндын адвокаты Лейла Асхандын айтымында, Тегерандын прокуратурасы журналистке “тышкы жана ички саясий маселелерди чечүү боюнча Иран бийлигинин ыкмалары тууралуу маалыматтарды топтоп жүргөн” деген айыптоолорду койгон. Резаяндын кесиптештери, достору жана өзү бул айыпты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG