Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Нальчикте ИМге катыштыгы бар деп шектелген 14 адам жок кылынды


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери.
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери.

Орусиянын Улуттук антитеррордук комитетинин маалымдашынча, Кабардин-Балкар аймагынын борбору Нальчикте жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катыштыгы бар деп шектелген он төрт адам жок кылынды. 22-ноябрда комитет тараткан билдирүүдө өлтүрүлгөндөр Сириядагы согушка жергиликтүүлөрдү жөнөтүү менен алектенип келишкени жазылган.

Операция маалында жай тургундардан жабыркагандар болгон жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, Ирак менен Сириядагы экстремисттик топтордун катарында согушуп жүргөн орусиялыктардын саны үч миңден ашат. Алардын басымдуу бөлүгүн Түндүк Кавказдан кеткендер түзөт.

XS
SM
MD
LG