Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Брюсселде теракт коркунучу оор бойдон калууда


Бельгиянын премьер-министри Париждегидей уюшулган теракт болуу мүмкүндүгүн эскерткенден кийин полиция 22-ноябрда кечинде Брюсселде бир нече рейд жүргүздү. Ал рейддин жыйынтыгы боюнча бүгүн маалымат жыйыны өткөрүлөт.

21-ноябрда Брюсселде эң жогорку, төртүнчү даражада теракт болушу мүмкүн экендиги жарыяланган. Террорчулар көздөгөн жерлер коммерциялык борборлор, эл көп жүргөн көчөлөр жана коомдук транспорт экенин премьер-министр Шарль Мишель 22-ноябрди билдирди.

23-ноябрда метро, мектеп, университеттер жабык бойдон турат. Өлкөнүн Брюсселден башка аймактарында теракт коркунучу 3-даражада сакталууда. Кырдаал 23-ноябрда дагы бир жолу бааланып, борбордун нормалдуу турмушка келишине бардык аракеттер жасалат деди өкмөт башчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG