Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Украинадан электр келбей, Крым караңгыда калды


Орус бийлигинин маалымдоосуна караганда, Украинадан Крымга электрзымдар тартылган мамылар жардырылганга байланыштуу эки миллиондой адам жарыксыз калып, региондо өзгөчө кырдаал киргизилди. Крым бийликтери 22-ноябрда генераторлорду колдонуу менен жарым аралдын ири шаарларын жарым-жартылай электр энергиясы менен камсыздалганын билдирди.

Крымга электр энергиясы Украинанын Херсон облусу аркылуу келет. 20-ноябрда ал жерде эки мамы жардырылып, Крымга электр энергиясын жеткирүү үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Украин бийлиги мамыларды калыбына келтирүүдө активисттердин каршылыгына туш болгон. Орусия маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Крымдын Орусияга кошулушуна каршы болгон жергиликтүү крым татарлары Крымды блокадага алуу максатында акция өткөрүп жатышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG