Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Париждеги теракттарга байланыштуу издөөдө Бельгияда 16 киши кармалды


Бельгия бийлигинин кабарлоосуна караганда, Париждеги теракттарды тергөөнүн алкагында Брюссель регионунда 22-ноябрда кечинде 16 киши кармалды. Бельгия прокуратурасынын өкүлү Ван дер Сипт 23-ноябрга оогон түнү билдирүү жасап жатып, кармалгандардын арасында эң катуу изделип жаткан Салах Абдесалам жок экенин билдирди:

-Салах Абдесалам издөө учурунда кармалгандардын арасында жок.

Ван дер Сипт тергөө кызыкчылыгына байланыштуу кармалгандар, аларга коюлган айып жөнүндө азырынча маалымат берилбесин белгиледи. Ал эми коопсуздукту камсыздоо боюнча операция уланууда. Бельгия өкмөт башчысы Шарль Мишель “теракт болушу өтө олуттуу жана ыктымал” деп жарыялагандан кийин Брюсселде эң жогорку, төртүнчү деңгээлдеги коопсуздук чаралары сакталууда. 23-ноябрдан бери Брюсселде метро, мектеп, университеттер жабык бойдон калат. (AiT)

XS
SM
MD
LG