Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:51

Казакстанда кыргыз тили китеби чыкты


Астанада Казакстан элдер ассaмблеясынын алдындагы кыргыз тилдүү этно-маданий лингвистикалык базар күнү иштей турган мектеп үчүн чыгарылган кыргыз тили китебинин бет ачары өттү.

Бул тууралуу “Кыргызстан-Астана” бирикмесинин жетекчиси Шавкат Исмаилов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, 1 миң нускада чыккан китепти кыргыз-казак адистери биргелешип иштеп чыккан. Ага президент Алмазбек Атамбaевдин фондунан да каражат бөлүнгөн. Китеп Казакстандагы кыргызстандык балдарга таратылат.

Казакстандын мектептеринде 5 миңдей кыргызстандык билим алат. Астанада кыргыз тилдүү “Кут билим” аттуу жекшембиде гана иштей турган мектеп 2006-жылдан бери сабак окутуп келатат. Келерки жылы Казакстандын төрт шаарында ушундай мектеп ачуу пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG