Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Оштогу учак кырсыгын иликтөө үчүн Москвадан адистер келишти


Кыргызстанга Оштогу учак кырсыгын иликтөө үчүн Эл аралык авиация комитетинин өкүлү Георгий Ячменьев башында турган комиссия келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Төлөн Арпачиев кабарлады. Орусиядан келген комиссия бүгүн кырсык болгон жерде иликтөө иштерин баштады.

- Комиссиялар азыр иштеп жатат. "Кара кутуну" Москвага алып барып, эмне болгонун тактап, аныктап чыгыш керек. Толук анализ жүргүзүп чыккандан кийин гана бир жыйынтык чыгарылат. Азыр тергөө уланууда.

22-ноябрда эрте менен Краcноярск-Ош багытындагы Боинг-737 учагы Ош аба майданына конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан алты адам жеңил жарат алып, учактын өзү олуттуу зыянга учураган. Учакта 159 киши болгон. Окуяга байланыштуу аба майданга учуп, конууга убактылуу чектөө киргизилген болчу.

“Манас” аба майданынан маалымдашкандай, кечээ кечинде Ош аба майданына конуп, учууга уруксат берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG