XXI кылымдын дүйнөлүк адабиятына кыргызстандык калемгерлердин да чыгармалары кирет. Англис тилиндеги бул китеп Индияда басмага даярдалып жатат. Ага кыргызстандык акын, жазуучуларды да кошуу үчүн сынак жарыяланганын түзүүчүлөрдүн бири, өзбекстандык “Кафла-Китьалараро” басмаканасынын жетекчиси Асрор Аллаёров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Азиядагы бардык мамлекеттерден кеминде эки жазуучунун эмгектери кошулат.
Чыгармалар англисче болушу шарт. Китептин бет ачар аземи 2016-жылдын 18-19-февралда Бангладештин Даффодил университетинде журналисттер жана жазуучулар жолугушуусу маалында өтөт.
Оштогу “Ынтымак” телеканалында каалоочулардын арызы кабыл алына баштады. Калемгерлер декабрдын ортосуна чейин Интернет аркылуу да өз чыгармаларын сунуштаса болот. (КЕ/NT)