Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

“Авиатрафик”: Кырсыкка кабылган учак февралда техникалык кароодон өткөн


Кыргызстандын Унаа жана байланыш министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, Ош аба майданында кырсыкка учуруган “Боинг 737” “Авиатрафик” компаниясына таандык учак. Компания жетекчиси Карим Дамин учак быйыл февралда техникалык кароодон өткөнүн, экипаж мүчөлөрү Литвадан окуудан өтүп турарын жана алар тажрыйбалуу учкучтар экенин билдирген.

Жарандык авиация департаментинин башчысы Эрмек Өмүралиевдин бүгүн маалымат жыйында билдиргени боюнча, Кыргызстанда 17 авиакомпания катталган. Алардын бешөө эл ташыйт. Учактар жылына экиден кем эмес техникалык кароодон өткөрүлөт.

22-ноябрда эрте менен Краcноярск-Ош багытындагы Боинг-737 учагы Ош аба майданына конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан алты адам жеңил жарат алып, учактын өзү олуттуу зыянга учураган. Бир аял мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия иштеп жатат. (ZKo/КЕ)

XS
SM
MD
LG