Жарылуу бүгүн Токиодогу согуш курмандыктарына арналган Ясукуни храмынын коомдук дааратканасында болгон. Жапон полициясы учурда анын чоо-жайын териштирүүдө. Жабыркагандар болгон-болбогону кабарлана элек. Полиция окуя болгон жерден жардыргыч затка тиешелүү нерселер табылганын, арасында зым жана батареялар бар экенин кабарлады. Окуянын саясий жагы болушу да мүмкүн экендиги айтылууда.
Бул храм Жапониядагы согуш курмандыктарына, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согуш кезинде курман болгон аскерлерге арналган. Храм Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жапон аскерлери жасаган кылмыштарга байланыштуу Жапониянын коңшулары менен, асыресе Түштүк Корея жана Кытайдын ортосундагы көп жылдык талашка себеп болгон.