Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Нурбек Мурашев Эсеп палатасынын аудиторлугуна сунушталууда


Кыргызстандын мурдагы депутаты Нурбек Мурашев.
Кыргызстандын мурдагы депутаты Нурбек Мурашев.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети Эсеп палатасынын аудиторлугуна мурдагы депутат Нурбек Мурашевдин талапкерлигин жактырып, маселени жалпы жыйынга чыгарууга макул болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Ал бул орун оппозициянын квотасында экенин, “Республика Ата-Журт” да өз талапкерин сунуштай турганын кошумчалады. Буга чейин Мурашевди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы колдогон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Мурашев айрым чыр-чатак окуялары менен таанымал. Парламенттик шайлоодо үгүт маалында “Өнүгүү-Прогресстин” бир мүчөсүн сабаганы тууралуу маалымат чыккан. Былтыр Улуттук госпиталдын дарыгери Жамал Тургунбаевге кол көтөрүп, анын негизинде депутатка кылмыш иши козголгон болчу. Мурашев “Бир Бол” партиясынын мүчөсү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG