Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Путин Тегеранда аятолла Али Хаменей менен жолугушту


Иран -- Путин аятолла Али Хаменей менен. Тегеран, 23-ноябрь, 2015.
Иран -- Путин аятолла Али Хаменей менен. Тегеран, 23-ноябрь, 2015.

2007-жылдан бери Тегеранга алгач барган орус президенти Владимир Путин бүгүн Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменей менен сүйлөштү. Жолугушуу "конструктивдүү" өткөнүн билдирген Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва менен Тегеран Сириядагы саясий абалды жөнгө салуу сценарийинде тышкы кийлигишүүгө чогуу каршы турарын кошумчалады.

Москва менен Тегеран Сирияда жарандык согуш башталгандан бери президент Башар Асаддын негизги колдоочулары болуп келатат. Орусия 30-сентябрдан тарта Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна жана башка согушкерлерге каршы аба соккуларын баштаган. Иран болсо Асаддын бийлигин колдоо үчүн аскер кеңешчилерин жиберген.

Путин Иран баш калаасына бүгүн газ экспорттоочу өлкөлөрдүн саммитине катышуу үчүн барган. Бул президент Путиндин Иранга болгон экинчи расмий сапары. Биринчи жолу ал Тегеранга 2007-жылы Каспий боюндагы өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган эле.

XS
SM
MD
LG