Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Польша качкындарды кабыл алуу саясатын кайра кароо ниетинде


Сербиядагы качкындар лагери, 17-ноябрь, 2015.
Сербиядагы качкындар лагери, 17-ноябрь, 2015.

Польшанын жаңы өкмөтү дүйшөмбүдө Париждеги террордук чабуулдар Евробиримдик качкындарды кабыл алуу боюнча жыл башында бекиткен келишимди кайра карап чыгууга аргасыз кылып жатканын жарыялады.

"Париждеги окуядан соң кырдаал өзгөрдү", - деди журналисттерге Польшанын жаңы премьер-министри Беата Шидло. "Биз кайра сүйлөшүүгө чогулуп, мурдагы чечимди ойлонуп көрүүнү сунуштайбыз. Менимче, биз качкындарга мурда айтылгандай орун берүүгө даяр эмеспиз", - деди өкмөт башчы.

Польшанын мурдагы өкмөтү быйыл сентябрда ЕБнын качкындар боюнча макулдашуусун колдогон. Ага ылайык, Польша буга чейин кабыл алган эки миң качкынга кошуп, дагы 4500 бозгун-мигрантка орун бериши керек. Эми соңку парламенттик шайлоодо жеңип чыккан "Укук жана адилеттүүлүк" партиясы ушул айда түзгөн өкмөт өлкөнүн бул багыттагы позициясын кайра карап чыгуу ниетинде.

Европа Биримдиги быйыл качкындардын чоң агымына туш болду. Алардын көпчүлүгү согуш оту өчпөй жаткан Сириядан чыккандар.

XS
SM
MD
LG