Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Ички иштер министрлигин реформалоо талкууланат


Реформа маселеси бүгүн Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинде талкууланат. Ага министр Мелис Турганбаев баш болгон Ички иштер министрлигинин жетекчилиги катышат.

Коомдук кеңештин мүчөсү, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын маалымдоосуна караганда, Коомдук кеңеште Ички иштер министрлигин реформалоонун үч жылдык планы түзүлгөн. Анда төрт багытта иш жүргүзүү аныкталган.

Алар милиция кызматкерлерин социалдык камсыздоо, кадр саясатын жакшыртуу, финансы-материалдык маселелерди чечүү жана милициянын жарандык коом менен кызматташуусун жолго коюу. Коомдук кеңеште мына ушул жана башка маселелер козголот. (AiT)

XS
SM
MD
LG