Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кыргызстанда ВИЧ дартына чалдыккандардын саны 6300гө чукулдады


Вич-СПИД боюнча 2012-жылга чейинки көрсөткүч
Вич-СПИД боюнча 2012-жылга чейинки көрсөткүч

Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык СПИДге каршы бирикмесинин жетекчиси Үмүт Чокморова кабарлады. Анын айтымында, 1-ноябрга карата өлкө боюнча ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 6285ке жеткен. Бул өткөн айга салыштырмалуу 47ге көп дегенди билдирет. Жалпы катталгандардын 545и балдар. Илдеттен каза тапкандардын 60ын наристелер түзөт.

- Мындан үч жыл мурда 2004-2009-жылдар аралыгында Ош жана Жалал-Абадда төрөлгөн балдарды толугу менен текшерип чыкканбыз. Коомдогу дискриминация, стигма күчтүү болуп турганда айрым ата-энелер балдарын текшертүүдөн баш тарткан, жерин которуп көчүп кеткен. Убагында текшерилбей калган балдардын оорулары эми, күчөп кеткенде чыгып атат. Алар оор абалда кайрылышууда.

2007-жылы Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ондогон ымыркайга aдамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирус жукканы аныкталган эле.

Бүгүн Бишкекте иммундук таңсыктык вирусу менен жашаган адамдардын улуттук форуму өтүүдө. Анда ВИЧ илдетине чалдыккандарды дары-дармек менен камсыздоо, азыркы абал жана дарылоонун жаңы түрлөрү талкууланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG