Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Сирия армиясы ИМ тобунан бир аз аймагын кайтарып алды


Сирия армиясы Хомс провинциясында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун көзөмөлүндөгү бир аз аймакты кайтарып алды. Сирия мамлекеттик телеканалы кабарлашынча, өкмөттүк күчтөр менен президент Башар Асадды колдогон аскердик топтор согушкерлерге жасаган соккунун натыйжасында Хомстун түштүк-чыгышындагы Хаварин конушу менен Махин шаарын алууга жетишти.

Лондондо жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоо уюму өкмөттүк күчтөр Орусия аскерий учактарынын колдоосу менен кээ бир аймактарды алганын ырастады. Уюм бул аймактагы урушта 50 чакты согушкер мерт болгонун да кабарлады.

Сирия өкмөттүк күчтөрү эми ал-Карятин шаары менен согушкерлер быйыл жазда басып алган байыркы Палмира калаасын кайтарып алууну көздөп жатат.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Сириянын бир канча аймагын басып алган.

XS
SM
MD
LG