Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Исмаилова: ЖАМК коомдук көзөмөлгө тоскоолдук кылууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, 50-абактын тегерегиндеги маселени иликтөө боюнча коомдук көзөмөл жүргүзүүгө Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тоскоолдук кылууда.

- Бүгүнкү күндө бул тармакты көзөмөлдөп, көз карандысыз адистерден турган комиссия түзүлүшү керек. Түрмө деген социалдык институт, ал коомго ачык болушу керек. Азыр абактардын тагдыры кооптуу болуп калды. Коомдук көзөмөлдөөгө Жаза аткаруу кызматы азыр тоскоолдук жасай баштады. 2005-жылдан бери байкоо салып келаткан бейөкмөт уюмдарга түшүнүксүз кат жөнөтүп, көзөмөлдөөгө уруксат бербей жатат.

Ал эми ушу тапта өкмөттө түрмөлөрдөгү абал жабык талкууланууда. Темир Сариевдин айтымында, 50-абактагы кандуу окуя боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссия корутундусун чыгарган.

Өткөн апта соңунда аталган кызматтын Байкоочу кеңеши 50-абактагы окуя боюнча мамлекет жетекчилерине ачык кайрылуу жолдогон. Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариевдин атына жолдонгон катта ондон ашуун адамдын өмүрүн алган окуядан кийин Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Алик Мамыркулов кызматтан кетиши керектиги жазылган.

Өткөн айда аталган абактан тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Кылмышкерлерди кармоо операциясында жалпысынан 13 кишинин өмүрү кыйылды. Окуяга байланыштуу абак жетекчиси Иманкул Телтаев 11-ноябрда камалып, 20-ноябрда асынып калган жеринен табылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG