Орусия Коргоо министрлиги Сирияда үч орус журналисти жаракат алганын кабарлады. Алар отурган унаа Сирия өкмөтү көзөмөлдөгөн Латакия провинциясындагы бир айылга баратканда жакын жерге ракеталык снаряд түшкөн. Андан жеңил жаракат алган үч журналист орус аскер базасындагы госпиталга жеткирилген.
Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын журналисттери Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн аракеттерин чагылдыруу үчүн иш сапары менен барган.
Орусия Сирияда президент Башар Асадга колдоо көргөзүү үчүн 30-сентябрдан тарта аба соккуларын баштаган.