Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Талибдер тик учак кулоосунан кийин кеминде 15 аскерди туткунга алышты


Тик учак түндүк Ооганстанда кырсыкка учураганда талибдер кеминде 15 кишини тутукунга алганы кабарланды. 24-ноябрда Фарьяб провинциясында болгон кырсыкта тик учактагылардын үчөөсү каза тапкан. Ооган офицеринин кабарлоосуна караганда, жарандык тик учак аскерлерди ташуу үчүн жалданып алынган эле. Туткунга алынгандар арасында чет өлкөлүк эки жоокер да бар экени кабарланууда.

Фарьяб провинциясынын полициясынын башчысы Сайед Андараби тик учак техникалык себептерге байланыштуу кырсыкка учурагын билдирди. Полиция аскерлерди куткаруу операциясын башташты. Бирок талибдер операцияны токтотууну талап кылып, эгерде токтотулбаса туткундар өлтүрүлөрүн билдиришкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG