Орусиянын энергетика министри Александр Новактын 24-ноябрдагы билдирүүсүнө караганда, Киев алдын-ала төлөөлөрдү жүргүзбөгөнүнө байланыштуу Москва Украинага газ берүүнү кыскартат жана Крымды караңгылыкка бөлөгөн үчүн көмүр сатууну токтотот.
Алдын-ала төлөөлөр жоктугуна байланыштуу газ берүү бүгүн-эртең токтотуларын Новак ырастады. Ал Крымга электр энергиясын берүү ордуна келтирилбесе, Москва саясий жана экономикалык чараларды көрөрүн белгиледи. Украинанын Херсон облусунда электр мамылары жардырылганына байланыштуу Орусия аннексиялап алган Крымга электр энергиясын берүү токтотулган. Жарым арал караңгылыкта жашоодо. (AiT)