Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Бүгүн Нарымбаев менен Коркмазовго сот өкүмү чыгышы мүмкүн


Бул тууралуу Хажимурат Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев 24-ноябрда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү сот жараянында айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, андан кийин судья өкүм чыгарууга кетет.

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазов Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин мүлкүнө байланыштуу соттун чечимин өзгөртүү үчүн Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан пара алган деп айыпталууда.

Мамлекеттик айыптоочу прокурор Нарымбаевди үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 12 жыл 6 айга, Коркмазовду да үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 12 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Нарымбаев жана Коркмазов быйыл июль айында кармалган. (AiT)

XS
SM
MD
LG