Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Нарымбаев менен Коркмазовдун ишин тергегендер текшерилет


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Мурдараак 24.kg маалымат агенттиги президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча тергөөчүлөр Мирбек Расулов жана Манас Кыдыралиев бизнес менен кызматтык ишин аралаштырып алганын жазган. Башкы прокуратура бул маалыматты иликтеп чыгарын билдирди. Эгер келтирилген маалыматтар ырасталса, бул кызматкерлерге мыйзам негизинде чара көрүлөрү маалымдалды.

Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталып жаткан Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Коркмазов Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. Бүгүн бул иш боюнча сот өкүмүн чыгарат деп күтүлүүдө. (КE)

XS
SM
MD
LG