26-ноябрда жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Мелүүн жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз 4…9,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,
Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9.
26-ноябрда Бишкек шаарында жаан жаабайт, туман түшөт. Мелүүн жел жүрөт. Аба түнкүcүн 0…-2° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.(КЕ)