Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы 11 жаштагы окуучу кыздын зордукталып өлтүрүлүшү боюнча иш тергелип, сотко өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыздын энеси Асмира Касымбекова билдирди.
25-сентябрда Кара-Көл шаарынын “Энергетик” паркынан Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусунун денеси табылган. Шектүү катары буга чейин алты жолу соттолгон Токтогул районунун Торкент айылынын 35 жаштагы жараны кармалган болчу.
ИИМдин маалыматына караганда, балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштар акыркы жылдары 10% өскөн. Статистикалык маалымат боюнча, 2011-жылы 83 факт катталса, 2014-жылы андай кылмыштар 140ка жеткен. Учурда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүп, кылмышкерлерге мунапыс бербөө сунушталууда. (КЕ)