Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Нарымбаев менен Коркмазовдун соту жылдырылды


Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин ооруп калганына байланыштуу соттук отурум 27-ноябрга жылдырылды. Адвокат Нарымабевдин башы ооруп жатканын, ошол себептүү сотко келе албай калганын билдирди.

Коррупция жана пара алуу боюнча айыпталып жаткан Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Коркмазов Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мүлкү боюнча соттун чечимин жеңилдетүү максатында анын кызынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен июль айында кармалып, ал пара Данияр Нарымбаевге арналганын билдирген. Бүгүн айыпталуучуларга, адвокаттарга соңку сөз берилип соттун өкүмү угузулмак. (КE)

XS
SM
MD
LG