Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Түркияны “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин колдоп жатат деп айыптап, “айрым түрк расмийлери” “ИМ” тобу көзөмөлдөгөн заводдордон мунай сатып алууда жана “түздөн-түз каржылык кызыкчылыгы бар” деген пикирин билдирди.
Медведев бул билдирүүсүн бүгүн Екатеринбург шаарында жасады. “Орусиянын истребителин атып түшүрүү “Ислам мамлекети” террордук тобун колдоого барабар”, - деди орус премьери. Медведев эки өлкөнүн ортосундагы ымала солгундап, түрк фирмалары Орусия базарындагы позициясын жоготуп алышы мүмкүн деген оюн кошумчалады.
Анкара Орусиянын Су-24 истребителин Түркиянын аба мейкиндигин 10 ирет жасаган эскертүүгө карабай бузганы үчүн атып түшүрүүгө аргасыз болгонун айтууда.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-ноябрда Түркияга пландалган сапарынан баш тартты.