Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Дарига Назарбаева саясатчы айымдарды дөңгөчкө салыштырды


Дарига Назарбаева атасы, президент Нурсултан Назарбаев менен
Дарига Назарбаева атасы, президент Нурсултан Назарбаев менен

Казак президентинин тун кызы, премьер-министрдин орун басары Дарига Назарбаева саясат айдыңында жүргөн аялдардын эмгеги бааланбайт деген пикирде. Астанада өткөн Евразиядагы аялдар саммитинде ал саясатка аралашкан айымдар үй-бүлө жана ишкердик менен алектенгендерге караганда күнү-түнү эмгектенсе да, байма-бай сынга кабылып келерин белгиледи.

“Саясаттагы аялдар дөңгөч, отун сыяктуу. От өчпөшү үчүн меште жагылуу бойдон турушу керек”, - деди Назарбаева. Ал ошондой эле аялдарды саясатты тандап алардан мурун "жети өлчөп, бир кесип" чечим кабыл алууга чакырды. Евразиядагы аялдар саммитин Казакстан президентинин алдындагы Аялдар жана үй-бүлө саясаты боюнча улуттук комиссия, өлкөдөгү Ишкер аялдар бирлиги, “Даму” ишкердикти өнүктүрүү фонду уюштурган. Жыйында президенттин “Нурдуу жол” программасы, аялдардын ишкердик чөйрөдөгү ордун жогорулатуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана евразиялык интеграция маселелери талкууланды. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG