Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Кашмирде аскердик базага кол салынды


Пакистан менен Индиянын чек арасындагы талаштуу Кашмирде жайгашкан Индиянын аскердик базасына кол салынды. Индиянын коргоо министрлигинин маалымдоосуна караганда, мыкты куралданган жоочулар Сринагар шаарынан 140 чакырым алыстыктагы Тангдхар базасына чабуул коюшту.

Кол салгандардын үчөөсү жана катардагы бир жаран чабуулда набыт болду. Кашмирди Британиянын колониалдык башкаруусу аяктагандан кийин 1947-жылы Индия менен Пакистан бөлүп алышкан. Кашмирдин Индия тараптагы бөлүгү Индиядан чыгып, эркиндикке жетишүү, Пакистанга кошулуу үчүн күрөшүп келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG