Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Тажик парламенти интернет, телефонду тескөөнү мыйзамдаштырды


Терроризмге каршы операция учурунда интернет жана телефон байланыштарын тескөөнү Тажикстан парламенти мыйзамдаштырды. Мындай мыйзамды тажик депутаттары 25-ноябрда кабыл алды. Тажикстанда акыркы жылдары бир катар интернет сайттарга, социалдык түйүндөргө кирүүгө мүмкүнчүлүк болбой калып жаткан эле.

Өзгөчө оппозиция митинг даярдап жаткан мезгилде жана антитеррордук операциялар учурунда интернетке кирүүгө чек коюлуп калчу. АКШ жана Европа биримдиги интернетти толук тосмолоону сынга алып келген. Өз кезегинде тажик бийлиги аны техникалык себептерге байланыштырып келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG