Сирияга согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткендердин кайтып келүүсүн күтпөй эле Кыргызстан жарандыгынан ажыратуу сунушталды.
Бул тууралуу бүгүнкү парламент жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты. Ал кимдер Сирияда жүргөнү тууралуу маалымат тартип коргоо органдарында бар экенин кошумчалады.
ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Сирия, Ирак жана Ооганстандагы террористтик уюмдардын катарында 400дөй кыргызстандык бар. Алардын 24 пайызга жакынын аялдар, 15 пайыздан ашуунун өспүрүмдөр түзөт.
Ал эми башкы прокурор Индира Жолдубаева 500дөй кыргызстандык Сирия жана Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарында согушуп жүргөнүн, анын 122си аялдар экенин маалымдаган. (КЕ)