Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Жумгалда аңчынын сөөгү көчкү алдынан табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, дайыны чыкпай жаткан аңчынын сөөгү 2,5 метрлик көчкүнүн алдынан табылды.

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылынын беш тургуну 20-ноябрда аң улоого чыгышкан. Кайтып келатканда аңчылардын экөө башка жолго салып, ошол бойдон дайынсыз экени кабарланган. Жоголгондордун 20дай жакындары, туугандары 23-ноябрда түнү аңчынын бирөөсүнүн тоңуп калган сөөгүн Миң-Бугу жайлоосунун Зындан аймагынан табышкан. Экинчи адамдын сөөгүн куткаруучулар 25-ноябрда табышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG