Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Кыргызстандын 6 миллионунчу бөбөгү Ошто төрөлдү


Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында премьер-министр Темир Сариев жарыялады. Ымыркайдын энеси 39 жаштагы Рахат Белекованын буга чейин үч уул, эки кызы болгон. Үй-бүлөнүн 6-баласы, Кыргызстандын 6 миллионунчу ымыркайы 25-ноябрда 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген.

- Кыз эң биринчиден – эне. Кыргызда жакшы сөз бар, “жакшы кыз келин болот, жакшы келин жеңе болот, жакшы жеңе эне болот” дейт. Кызыбыз чоңоюп, Кыргызстандын энеси болсун.

Маалыматка караганда, Кыргызстан боюнча бүгүн эртең мененки алтыга чейин 122 ымыркай төрөлгөн. Алардын 67си эркек, 55и кыз.

Республиканын 5 миллионунчу жараны 2002-жылы 27-августта төрөлгөн. Ал Тынчтыкбек Курамаев болуп чыккан. 13 жаштагы Тынчтыкбекке Бишкек мэриясы жакында эле ноутбук тапшырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG