Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

Абдылдаев: Иркутскиде каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилет


Орусиянын Иркутск шаарында жол кырсыгында набыт болгондун экөө Кыргызстандын жараны экени ырасталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиянын Сибирь федералдык округундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Тынчтык Абдылдаев билдирди. Дагы бирөө Орусиянын жарындыгын алган кыргызстандык. Учурда кырсыкта каза болгондордун жакындары менен байланышып, сүйлөшүүлөр болууда. Маркумдун сөөгү учак аркылуу бүгүн Кыргызстанга алынып келинет.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен кабарлашкандай, каза болгондордун экөөнүн тек жайы аныкталды. Алар 1979-жылы туулган Азиз Хамраев жана Мархабо Абжапарова болуп чыкты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар каза болгондордун баары Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар экенин жазышкан болчу. Иркутск облустук полициясы каза болгондор менен жабыркагандардын кимдиги такталып, аныкталып жатканын билдирди.

Орусиянын Иркутск облусунда 26-ноябрда түнкү бирлер чамасында Иркутск облусунун Нижнеудинск районундагы Худоелань айылында эки микроавтобус кагылышып, жети киши набыт болгон. Экөө оор абалда ооруканага түшкөн. Анда "Тойота Хайс" менен "Санг Янг Истана" кичи автобустар кагылышкан. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG