Түркия Сирия менен чектешкен аймагында 24-ноябрда атып түшүрүлгөн Орусиянын аскерий учагына берилген эскертүүлөрдүн аудиосун жарыялады. Аудиодогу үн англис тилинде: “Түштүкө алган багытыңарды дароо өзгөрткүлө”, - деген буйрук берет.
Бирок Орусиянын Су-24 аскерий учагынан тирүү калган учкучтун бири Константин Мурахтин Сириядагы Хмеймим авиатурагында сөз сүйлөп:
- Рациядан же визуалдык эч кандай эскертүүнү уккан да, көргөн да эмеспиз. Эч кандай байланыш болгон жок. Адаттагыдай эле аскерий каттам менен бара жатканбыз. Бомбалоочу учак менен F-16 истребителинин ылдамдыгы бирдей эле. Эгер алар бизге эскертүү бергиси келсе, анда бизге катарлаш учса деле болмок да. Бирок антишпеди. Ракета бизге капилет эле тийди. Кандайдыр бир маневр жасаганга убактыбыз болгон жок, - деди.
Бирок Түркия аскерий бийлиги орус учагына ракета менен атардан мурда 10 ирет эскретүү берилгенин айтууда.
Бул окуя Орусия менен Түркиянын ортосундагы чыңалууга жол ачты.