Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Улуттук банк: Доллардын курсун чайкоочулар көтөрүүдө


Kyrgyzstan. Bishkek. Currency exchange. 2015
Kyrgyzstan. Bishkek. Currency exchange. 2015

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн чукул өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Ал валюта базарындагы өзгөрүүлөргө курстун айырмасынан акча жасаган чайкоочулар шыкак берип жатканын айтты.

- Доллардын тегерегинде жасалма жагдай жасалып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда доллар курсунун жогорулоосуна өбөлгө болчу шарттар жок. Азыр реалдуу курс 75-76 сом болууда.

Сомдун курсун кармоо үчүн бүгүн Улуттук банк 7 млн. доллар сатыкка чыгарды. Бул сумма бүгүн кечке чейин 12-13 млн. долларга чыгышы мүмкүн. Ошондой эле коммерциялык банктарга долларды чектеп берүүгө тыюу салынды. Улуттук банктын бул буйругу эртеңден баштап көзөмөлгө алына баштайт.

Бүгүн түштөн кийин Бишкектин айрым акча алмаштыруучу жайларында 1 доллар 79 сомго чыккан. Учурда 77,5 - 77,8ден сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллардын баасы 74 сом 14 тыйын.(КЕ)

XS
SM
MD
LG