Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Насыя төлөөнүн жаңы механизмдери сунушталат


Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди. Анын белгилешинче, доллар курсунун кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу чет элдик валютада ипотекалык насыя алгандарга төлөөнүн жаңы механизмдери иштелүүдө. Келерки аптада ал өкмөт менен кеңешилип сунушталмакчы.

Бүгүн түштөн кийин Бишкектин айрым акча алмаштыруучу жайларында 1 доллар 79 сомго чыккан. Учурда 77,5 - 77,8ден сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллардын баасы 74 сом 14 тыйын. Абдыгулов доллардын кескин кымбатташына ортодогу чайкоочулар шыкак болуп жатканын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG