Орусия менен Грузияны байланыштырган автотрасса орус чек арасындагы көзөмөл пункту Түркиядан бара жаткан жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жабык турат. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Георгий Кобаладзе билдирди.
Орус-грузин көзөмөл пунктунун нейтралдык аймагында Түркиянын мамлекеттик номерлери тагылуу жүздөгөн жүк ташуучу машинелер турат. Орус чек арачылары муну Түркиядан бара жаткан жүктү текшерүүдөгү кошумча иш-чара деп түшүндүрүүдө. Бирок түрк айдоочулары орус чек арачылары алардын документтерин текшербей эле артка кайтуу буйругун берип жатышканын маалымдашты.
Бул проблема 25-ноябрь күнү кечинде башталган. Бүгүн Орусиянын өкмөтүнө Түркияга карата экономикалык чектөөлөрдү даярдоо тапшырмасы берилди.