Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Коомдук ишмер Кадыр Маликовдун абалы дурус


Бул тууралуу №4 оорукананын башы дарыгери Алмаз Кубатбеков бүгүн эрте менен билдирди. Анын айтымында, кечээ кечинде чыккан чыр учурунда анын оң бетине бычак тийген жана мээси чайкалган. Кадыр Маликов учурда оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат.

Бишкек шаардык милициясынын кабарлоосуна караганда, 26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын бетине бычак тийген. Кадыр Маликов №4 ооруканага жеткирилип, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бычак сайган адамдар изделүүдө. Кадыр Маликов менен чыккан жаңжал анын кесибине байланыштуу эместигин милиция кабарлады.

Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетекчиси жана мусулман динаятчысы. Ал такфиристтерге, диний экстремизмге каршы чыккан аалымдардан. (AiT)

XS
SM
MD
LG