Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Улуттук банк: сомдун курсу чайкоочулуктан түшүүдө


Мындай билдирүү менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-ноябрда чыкты. Ал сомдун курсун төмөндөткөн чайкоочулук кимдерге пайдалуу экени маалымдаларын белгиледи.

26-ноябрда Бишкекте бир доллардын баасы 79 сомго чыкты. Ошол эле күнү Улуттук банк 16 млн. 600 миң доллар интервенция жасагандан кийин доллардын сатуудагы баасы 77 сом 50 тыйын болуп, 1.5 сомго түштү.

Толкунбек Абдыгулов республикада накталай доллардын таңсыктыгы жок экенин, доллар алмаштырууда чектөөлөрдү алып салууга коммерциялык банктарга тапшырма берилгенин билдирди. Улуттук банк 26-ноябрда белгилеген курс боюнча бир доллардын баасы 74 сом 14 тыйын. (AiT)

XS
SM
MD
LG